super.kg logo
  Саясат  

Элдешкен эл өкүлдөрү ээлигиштиби? Алиев менен Карыбек уулу кайра кайым айтышты

 

Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Медер Алиев менен Улукбек Карыбек уулунун ортосунда талаш жаралды.

Отурумда Алиев демилгечи болгон баңгизатка байланыштуу мыйзам долбоору каралып жаткан. Анда Карыбек уулу мыйзамдын негиздеме-маалымкатында айтылган өзгөртүүлөр, долбоордогу беренелерде жок экенин, жана башка да кемчиликтер бар болуп жатканын айтып, документке тактоолор киргизилиши керектигин белгиледи.

Алиев кесиптешин популисттиктен алыс болууга чакырды.

"Дүйнөдө ар бир нерсенин эрежеси бар. Мисалы, тамакты кашык менен жейбиз. Мыйзам кабыл алуунун да өзүнүн эрежеси бар, муну юристтер жакшы түшүнөт. Бирөө "тамакты колубуз менен эмес, бутубуз менен жейбиз" дегени - эрежени бузгандык. Министрлер кабинети мыйзамды кабыл алууга макул болуп жатат. Анан жалгыз эле сиз чыгып, ызаланып, "меники эле туура" десеңиз эле мыйзамсыз болуп калбайт",- деди ал.

Карыбек уулу аны маселени саясатташтырбоого чакырып: "Созолонуп эле сүйлөй бересизби? Ток этерин айтыңыз да. Айланып, токойду аралабай",- десе, Алиев: "Сиз эми улам-улам эле блогерлердей болуп чыга бересизби? Чегирткедей болуп эле", - деп ачууланды.

Эл өкүлдөрүнүн ортосундагы кайым айтыш күчөп, алар жарыша сүйлөгөн абалга чейин жетишти.

Бул эки эл өкүлүнүн ортосундагы биринчи пикир келишпестик эмес. Алар алгач 3-мартта Жогорку Кеңештин Эмгек, салматтыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер комитетинин жыйынында кайым айтышкан.

Парламенттин 5-марттагы жыйынында болсо, Улукбек Карыбек уулу Медер Алиевдин дарегине кыйыр түрдө сын айтып чыккан. Буга Алиев жооп кылып, "мамлекеттик кызматтан тажрыйбабыз болушу керек, төрөтканада эле чуркап жүрө бербей" деген. Карыбек уулу болсо, "төрөтканада күнү-түнү жүгүрүп, коррупция менен күрөшүп жүргөн мээнетти да эл баалай билет" деп жооп узаткан.

Бул окуядан соң парламентин төрагасы Марлен Маматалиев алардын ортосуна түшүп, депутаттарды элдештирген.






Элдешкен эл өкүлдөрү ээлигиштиби? Алиев менен Карыбек уулу кайра кайым айтышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: