super.kg logo

Бишкекте “Жаштар экстремизмге каршы” форуму өттү

 

Бүгүн, 10-мартта “Сейтек” балдар жана жаштар улуттук борборунда “Жаштар экстремизмге каршы” аттуу форум өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын максаты — жаштар арасында экстремизмдин алдын алуу жана күчтүү жарандык позицияны калыптандыруу.

Форумга Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, мамлекеттик органдардын, укук коргоо түзүмдөрүнүн, дин өкүлдөрүнүн, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, коомдук ишмерлердин жана борбор калаадагы мектептердин окуучулары катышты.

Мэрдин орун басары өз сөзүндө экстремизмдин алдын алуу үчүн мамлекеттик органдардын, билим берүү мекемелеринин жана коомчулуктун биргелешип иштөөсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал коопсуз жана туруктуу социалдык чөйрөнү түзүүдө тарбиянын, билим берүүнүн жана патриоттук баалуулуктардын ролу чоң экенин баса айтты.

Форумдун алкагында укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, дин ишмерлери жана депутаттар баяндама жасашты. Мындан сырткары, экстремизмге каршы тематикалык видеороликтер көрсөтүлүп, окуучулар тарабынан театрлаштырылган спектакль жана чыгармачылык номерлер тартууланды.

Мындай иш-чаралар жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, толеранттуулукту калыптандырууга жана улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.03.2026. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коомдогу адилетсиздик жаштарды "адилеттүү тартип орнотууну" убада кылган радикалдуу идеяларга ишенүүгө түртөт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: