"Жылдан-жылга биз жакка ооп жатат". Депутат Айтиев Чүй дарыясы боюнча маселени кайрадан көтөрдү
Жогорку Кеңештин депутаты Темирлан Айтиев Кыргыз-Казак мамлекеттеринин чек арасын бөлүп турган Чүй дарыясынын нугу жылдын-жылга кыргыз тарапка ооп жатканын айтты.
Ал бүгүн, 11-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында акыркы 5 жылда Кыргызстан 200 гектар жайыт жерин жоготконун белгиледи.
"Биз мурунку чакырылыштын депутаттарынан маалымат алганбыз, миллиондогон каражаттар сарпталган экен. Бирок, эмне себептен бүгүнкү күндө иштер жүрбөй жатат? Анан тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү кире турган көчмө комиссия түзүүнү тездетип берсеңиздер?",- деди эл өкүлү.
Айта кетсек, Айтиев бул боюнча маселени парламенттин 25-февралдагы отурумунда дагы көтөргөн.
Депутат Айтиев Чүй дарыясы боюнча маселени кайрадан көтөрдү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















