АКШда телефондон азан үнү чыккандыктан учак конууга мажбур болду (видео)
АКШнын Southwest Airlines авиакомпаниясына таандык учак Теннесси штатынан Флоридага учуп бара жатканда Атланта шаарына конууга мажбур болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.
Учак конгондон кийин учакка атайын багыттагы күч түзүмдөрү кирип келип, терроризмге шектүү жүргүнчүлөрдүн бирин кармашкан.
Кийинчерээк кармалган адам мусулман экени белгилүү болгон. Учуу учурунда телефонундагы намаз убактысын эскерткен тиркеме иштеп кетип, азан үнү жаңырган. Экипаж бул үндү коопсуздукка коркунуч катары кабыл алып, диспетчерге кабар берген.
Мындан улам, учакты жана жүктөрдү атайын адистер текшерип чыгышкан. Жыйынтыгынды эч кандай коркунуч жок экени аныкталып, кармалган жүргүнчү бошотулган.
АКШда телефондон азан үнү чыккандыктан учак кондурулуп, жүргүнчү кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















