Баткенде 15 жаштагы бала бир түндө үйлөрдү жана унааларды тоногон делип кармалды
Баткен шаарында бир түндө бир нече уурулук кылган деген шек менен 15 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы билдирди.Маалыматка ылайык, ал 9-мартта түнү менен 71 жаштагы шаар тургунунун үйүнө терезе аркылуу кирип, үйдүн ичин аңтарып, Redmi 5 үлгүсүндөгү телефонун жана короосунда турган велосипедин уурдап кеткен. Үй ээси турак жайын бекитип, ооз ачарга кеткен.
Ошондой эле өспүрүм ал түнү 74 жаштагы жарандын үйүнө да кирип, 20 миң сом жана Redmi A1 үлгүсүндөгү телефонду уурдаган. Мындан сырткары, Баткен облустук ооруканасынын короосуна токтоп турган Kia K7 үлгүсүндөгү унаанын ичинен 50 миң сом жана банктык карталарды алып алган. Ал Баткен шаарындагы Чынар-Бак мечитинин алдында токтоп турган Honda CR-V 3 үлгүсүндөгү унаанын арткы айнеги сындырып, ичиндеги Redmi 10 үлгүсүндөгү телефонду да ууроодо шектелүүдө.
Учурда 4 кылмыш иши ачылып, тергөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:33
2026-03-12
9:54
2026-03-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















