Бишкекте милиция кызматкерин бетке урган делген жигит кармалды
Бишкекте бейбаштыкка шектелип 20 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 11-март күнү саат 21:30 чамасында милицияга көп кабаттуу үйлөрдүн биринде кошуналардын ортосундагы чыр-чатак чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке барган милиция кызматкерин имараттын лифтинен чыккан жигит күтүүсүз бетине урган. Соккудан милиция кызматкеринин көз айнеги сынып, оң көзүнүн астыңкы бөлүгү жарылган. Жаракат алган кызматкер нейротравматология бөлүмүнө жеткирилген.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















