super.kg logo

Бишкектин Ленин районунда укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

 
Бүгүн, 11-март күнү Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагында укук бузуулардын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери өткөрүлдү. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын №1 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Артур Соодонбеков жана коомдук коопсуздук кызматынын башчысы, милициянын майору Урмат Байсогуров катышып, Ак-Ордо-3 конушунун тургундары менен жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушуунун алкагында милиция кызматкерлери көчмө кабылдама автоунаасы аркылуу тургундардын суроолорун угуп, төмөнкү маселелер боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү:
• үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу
• киберкылмыштуулукка каршы күрөш
• мыйзамсыз жер басып алууга жол бербөө
• видеокөзөмөл камераларын орнотуунун артыкчылыктары
• коомдук коопсуздукту камсыз кылуу
Мындан тышкары жарандардын кайрылуулары жеринде кабыл алынып, тиешелүү укуктук кеңештер берилди.
Ленин райондук ички иштер башкармалыгы мындай профилактикалык иш-чаралар жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана коомдук тартипти бекемдөө максатында мындан ары да улантыларын билдирди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.03.2026. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарга дүйнөнү үйрөтүүдөн мурда, дүйнөгө зыян келтирбөөнү - ыйманды бала бакча, мектептен баштап үйрөтүү керек. Билимиң, байлагың болуп бирок ыйманың жок болсо - нөлсүң.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: