Ош шаарынын мэри Улуу Британиянын элчиси Николас Боулер менен жолукту
Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николас Боулер менен жолугушту.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, билим берүү, спорт, шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Калаа башчысы Улуу Британиянын экспорттук-финансы агенттиги UK Export Finance менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, агенттиктин каржылык колдоосу менен шаарды айланып өтүүчү заманбап айланма жол куруу сунушун айтты.
Белгиленгендей, бул долбоор шаар ичиндеги транспорт агымын жөнгө салууга, жол тыгындарын азайтууга, транзиттик унаалардын кыймылын шаар сыртына багыттоого жана жол коопсуздугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Ош шаары менен Улуу Британиянын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого, экономикалык, инвестициялык жана инфраструктуралык багыттарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кароого кызыкдар экендиктерин билдиришти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















