"Кыргыз почтасынын" Лейлек филиалынын мурдагы башчысы менен эсепчиси кармалды
"Кыргыз почтасынын" Лейлек райондук филиалынын мурдагы башчысы жана башкы эсепчиси коррупциялык схемаларга шектелип кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, алар былтыр январь айынан сентябрга чейинки убакта кызматтык абалдарынан пайдаланышып, 5 миллион 213 миң 900 сом өлчөмүндөгү акча каражатын өздөрүнө ыйгарып алышкан.
Аталган сумма "Кыргыз почтасынын" борбордук аппараты тарабынан Лейлек филиалынын банк эсебине компьютердик жабдууларды, эмеректерди, рамкаланган пластик терезелерди сатып алуу жана башка оңдоо чыгымдары үчүн которулуп берилген. Бирок айтылгандардын бири да сатылып алынган же жаңыртылган эмес.
Алар кызматкерлердин банк карталарына эмгек акысын көп которушуп, андан кийин техникалык катага шылтоолоп, ашыкча сумманы накталай акча түрүндө кайтарып алышкан. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пункту (Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына камакка алынышкан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















