super.kg logo

Айыл чарба министри аймактагы фермерлерден кабар алды (сүрөт)

 

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков аймактардагы бир катар фермердик чарбаларды кыдырып, айыл чарба секторунун өкүлдөрү менен жолугушту. Анын жүрүшүндө мал чарбачылыгын өнүктүрүү жана ветеринардык коопсуздукту камсыздоо боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Мал чарбачылары соңку жылдары мал арасында ар кандай оорулардын көбөйгөнүнө тынчсыздануусун билдирди. Алардын айтымында, мындай учурлар профилактикалык чараларды күчөтүүнү, өз убагында диагностика жүргүзүүнү жана ветеринардык кызматтар тарабынан оперативдүү чара көрүүнү талап кылат.

Эрлист Акунбеков эпизоотиялык коопсуздукту алдын алуу приоритеттүү багыттардын бири экенин баса белгилеп, тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмаларды берди:

  • ветеринардык көзөмөлдү күчөтүү,
  • эпизоотиялык абалга мониторинг жүргүзүү,
  • чарбаларда профилактикалык иштерди активдештирүү,
  • мал оорулары тууралуу бардык билдирүүлөргө оперативдүү жооп берүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: