Депутат: Айылдарда дарыканалар жок, эл убара болууда"
Өлкөнүн алыскы айылдарындагы ФАПтарда дары-дармектер жокко эсе. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков 13-мартта парламенттин “Ишеним” жана “Ала Тоо” депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында кеп кылды.
Эл өкүлү саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиевге кайрылып, аймактардагы ФАПтарда чакан дарыканаларды ачууну сунуштады.
"Алыскы айылдардагы ФАПтарда дары-дармектер жок экен. Ал жерге кичинекей дарыкана ачып, керектүү дарылар сатылса. Эл ал жерден сатып алат элек дешет. Алар борборго 40 чакырым жолду басып өтүп, дары-дармек сатып алышат экен. Ушул маселеге көңүл бурсаңыздар",- дейт депутат.
Депутат: "Алыскы айылдарда дарыканалар жок"
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















