Шайырбек Ташиевдин ИИМде сурак берип жаткандыгы айтылууда
Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгында сурак берүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өздүк булактарга таянып маалымдашууда.
Азырынча Ташиев кайсы кылмыш ишинин алкагында жана кандай макамда суракка чакырылганы белгисиз.
ИИМ расмий маалымат бере элек.
Эскерте кетсек, буга чейин интернет желесинде Шайырбек Ташиевдин мурдагы депутат Жусупбек Коргонбай уулу менен Грузиядагы кумарканада 1 миллион 320 миң доллар уттуруп жиберишкени тууралуу сүйлөшүшкөн видеосу тараган. Коргонбай уулу казиного карыз болгону тууралуу кептерди ырастаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















