Бишкек мэриясында жаңы орун басарлар дайындалды
Бишкек шаарында административдик-аймактык реформанын алкагында муниципалдык администрацияларда кошумча орун басар кызматтары киргизилип, бир катар кадрдык дайындоолор болду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Ага ылайык, Биринчи Май райондук администрациясынын башчысынын орун басары болуп Марлен Айбеков дайындалды. Ал буга чейин Кара-Балта шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгын жетектеп келген.
Ошондой эле Свердлов райондук администрациясынын башчысынын орун басары болуп Данияр Манакеев дайындалды. Ал мурда Бишкек мэриясынын уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгында бөлүм башчысы болуп иштеп келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2026-05-31
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















