super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көлдө суудагы "Формула-1" мелдешин өткөрүү мүмкүнчүлүгү талкууланды

 

Ысык-Көлдө суудагы "Формула-1" мелдешин өткөрүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 14-мартта өлкө башчысы Садыр Жапаров Эл аралык суу-мотор спорту уюмунун президенти Раффаэле Чиулли менен жолугушту.

Маалым болгондой, жолугушууда Кыргызстанда суу-мотор спорту боюнча эл аралык мелдештерди өткөрүү жана кызматташууну өнүктүрүү маселеси талкууланды.

Өз кезегинде Раффаэле Чиулли F1H2O дүйнө чемпиондугу сыяктуу мелдештер дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө өтүп, жүздөгөн, миллиондогон көрүүчүлөрдү камтый турганын айтты.

Тараптар Борбор Азияда биринчи жолу өткөрүлүшү мүмкүн болгон F1H2O суудагы "Формула-1" Дүйнө кубогу Ысык-Көлдүн туристтик мүмкүнчүлүгүн кеңири көрсөтөрүнө ишеним билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: