super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте ЦУМдун жанына курулуп жаткан дагы бир объект бузулат

 

Бишкектин Чүй проспекти менен Абдрахманов көчөсү кесилишинде жайгашкан жер үстүндөгү конструкция демонтаждалат. Бул чечим объекттин ээлери, шаар бийлиги жана "Ташболот Холдинг" компаниясынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кийин кабыл алынды. Бул тууралуу компаниянын жетекчиси Назгүл Түлеева жергиликтүү басылмаларга билдирди.

Анын айтымында, аталган курулуш "Old Bishkek" долбооруна кирбейт жана ага башка үч адам ээлик кылат.

"Техникалык иштерди Old Bishkek долбоорунун командасы жүргүзөт. Демонтаж жакын арада башталып, андан кийин аймак ачык жана көрктөндүрүлгөн коомдук мейкиндикке айландырылат", - деп белгиленген маалыматта.

"Old Bishkek" долбоору мындан ары жер алдындагы бөлүгүндө гана ишке ашырылары кошумчаланды.

Эскерте кетсек, буга чейин мэр Айбек Жунушалиев ЦУМдун капталындагы оргуманын ордуна курулуп жаткан темир конструкцияны бузуу тапшырмасын берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: