super.kg logo
  Саясат  

"Ар бириңердин кантип келгениңерди билем". Спикер депутат Кокуловдун микрофонун өчүртүп салды

 

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов кесиптештеринин сындарына жооп берди. Ал бүгүн, 18-марттагы парламенттин жыйынында эл өкүлдөрүнө "урматтуу кесиптештер, менин сөзүмдү бурмалабагыла" деп кайрылды.

"Депутат деген мыйзам жазуучу эле орган эмес, аны көзөмөлдөөчү да орган. Мен мыйзамдуулукка чакырып жатам. Акылбек мырза, мен сиздин эмнеге таарынып жүргөнүңүздү билем. Шайлоо маалында эмне болгонун да билем. Ар бириңердин ушул жерге кантип келгениңерди билем",- деди Кокулов.

Бул учурда парламент төрагасы Марлен Маматалиев Кокуловдун микрофонун өчүртүп, "ишке киришели" деди.

Мунун алдында депутат Акылбек Түмөнбаев Кокуловду трибунада жеке маселелерди эмес, көйгөйлүү маселелерди көтөрүүгө чакырып, "Эрулан мырзаны эле угуп отура беребизби? Анын жеке чатактарынын бизге кереги да жок" деген. Кокулов ага чейин трибунадан 10 мүнөт алып, журналисттерге сын айткан.






"Ар бириңердин кантип келгениңерди билем". Спикер депутат Кокуловдун микрофонун өчүртүп салды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: