Астанада Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгын утурлай Кыргыз мюзиклдери көрсөтүлүүдө
Казакстандын борбору Астана шаарында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы “Раймалы менен Бегимай” этно-мюзиклин жана “Жамийла” мюзиклин казак коомчулугуна жана мекендештерге тартуулоодо. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, маданий иш-чаралар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналып, президенттин жарлыгынын алкагында өтүүдө.
Кечээ, 17-мартта Астанадагы Калибек Куанышбаев атындагы Казак улуттук музыкалык драма театрында “Раймалы менен Бегимай” этно-мюзикли көрсөтүлдү.
Иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев баштаган бир катар Кыргызстандын мамлекеттик жетекчилери, Казакстандын бир катар министрлери, залкар жазуучу Айтматовдун уулу Элдар Айтматов, элчиликтин өкүлдөрү катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:39
2026-05-29
14:30
2026-05-29
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















