Бүгүн ырчы Бактыгүл Бадыева 41 жашка толду
Бүгүн, 29-майда белгилүү ырчы, маданияттын мыкты кызматкери Бактыгүл Бадыева 41 жашка толду. Ырчы айым туулган күнүнө карата социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөп, жашоодо бардык максаттарына жетип, бактылуу экендигин билдирди.
"Азыр жашоом толук тең салмакка келгендей сезилет. Бардык максаттарыма жеттим, эң жакын адамдарым жанымда, кыялдарым акырындык менен ишке ашып жатат.
Ал эми ичимде баягы эле 23 жаштагы энергия, жашоого болгон кызыгуу бар. Алардын катарына турмушка туруштук берген баа жеткис акылмандык дагы кошулду. Мендеги бардык нерсе үчүн Жаратканга шүгүр. Мен жөн гана бактылуумун", - деп жазган ырчы айым. Ошондой эле бүгүнкү өздүк майрамын шаардагы тойканалардын биринде жакын адамдары менен өткөрө тургандыгын билдирген.
Бактыгүл Бадыева 1985-жылы 29-майда Ош облусунда төрөлүп, балалыгы Токмокто өткөн. Мектепти аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук консерваториясына тапшырып, эстрадалык вокал багыты боюнча билим алган. Окуу мезгилинде эле чыгармачылыгын баштаган. Эстрадалык жанрда чыгармаларды аткарып, сүйүүгө, мекенге, жана адамдык баалуулуктарга арналган ырларды ырдап келет.
Бактыгүл Бадыева "Сүйүү тамгасы", "Жүрөк тагы", "Энекем", "Кайдасың?" жана башка көптөгөн ырлары менен коомчулукка таанылган. Ал ырчылыктан сырткары өзүн актриса катары сынап, "Кайып булак", "До+Фа" аттуу тасмаларда роль жараткан.
Ошондой эле Бактыгүл айым чыгармачылыгын ишкердик менен айкалаштырып, 16 жылдан бери жеке ишкердик менен алектенип келет. Өзүнүн "Эркеле" аттуу кийим сатуучу дүкөнүн жана сулуулук салонун негиздеген.
Гуманизм жана тынчтык идеаларын ишке ашыруудагы эмгеги жана лидерлик сапаттарды көрсөткөндүгү үчүн Кыргызстан Аялдар конгрессинин эл аралык маанидеги "Лидерлик үчүн" медалы менен сыйланган. Учурда Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде докторантурада билим алууда. Психология тармагында заманбап багыттар боюнча адистикке ээ. 
Бактыгүл Бадыева 2013-жылдын апрель айында жолдошу Алмаз Закировго турмушка чыккан. Түгөйлөрдүн ортосунда Ширин, Эркеле жана Дария аттуу кыздары бар.
Бүгүн ырчы Бактыгүл Бадыева 41 жашка толду
0

Супер-Инфо
super.kg видео















