super.kg logo

"Жаңы жашым сүйүү алып келсин". Ырчы Асел Кадырбекова 35 жашка толду (видео)

 

Бүгүн, 19-март ырчы, алып баруучу Асел Кадырбекованын туулган күнү. Ал бул жылы 35 жашка толду. Ырчы айым өздүк майрамына карата социалдык тармактагы баракчасына пост жазып, жашоосуна ыраазы экенин билдирип өттү.

"Бүгүн менин туулган күнүм. Жашоо мага көп нерсени үйрөттү, кээде оор болду, кээде абдан бактылуу учурлар болду. Бирок мен баарына жөн гана ыраазымын.
Бар нерсеге, бар адамдарга, бар мүмкүнчүлүктөргө. Жаңы жашым тынчтык, сүйүү жана жылуулук алып келсин. Жанымдагылар аман болсун",- деген ырчы айым.

Белгилей кетсек, Кадырбекованын "Өмүр белек", "Апакем", "Кечикпе", "Жаз", "Жаныңда болсо дейм", "Жан кызым" жана башка чыгармалары бар. Ошондой эле ал КТРК музыка каналындагы "Агент Кадырбекова" долбоорун жана башка телеканалдар ар кандай берүүлөрдү алып барган. Мындан тышкары, "Тумар" радиосунда ди-джей катары да эмгектенген. Ошондой эле ырчы айым "Сүйүүнүн керемети", "Мандарин" тасмаларында роль жараткан.

Асел Кадырбекова 1991-жылы 19-мартта Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда төрөлгөн. Ош облусундагы Финансы-юридикалык коллежин аяктап, ОшМУдагы Юридикалык факультетке тапшырган.

Ал 16 жашынан тарта шоу-бизнеске аралашып, 2010-жылы "Кыргыз кыздары" деген аталыштагы ыры менен чоң сахнага чыккан.






Ырчы Асел Кадырбекова 35 жашка толду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: