Бишкектеги жаңы конуштарда бак отургузуу жана ишембиликтер өтөт
Бишкектеги бир катар жаңы конуштарда 22-марттан 5-апрелге чейин ишембиликтер жана бак отургузуу акциялары уюштурулат. Бул тууралуу Карылар үчүн ресурстук борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, демилгенин негизги максаты – жаңы конуштарды жашылдандыруу, жашоого ыңгайлуу жана көрктүү аймакка айлантуу. Уюштуруучулар белгилегендей, бул ар бир тургун үчүн өз районуна салым кошуп, келечек муундар үчүн жагымдуу чөйрө түзүүгө жакшы мүмкүнчүлүк.
Иш-чаралардын графиги:
• 22-март — Бакай-Ата;
• 27-март — Ак-Ордо-2, Ак-Ордо-3;
• 28-март — Ак-Ордо-1;
• 29-март — Рухий-Мурас;
• 4-апрель — Калыс-Ордо;
• 5-апрель — Мурас-Ордо.
Катышууну каалагандар 0755 955 001 номери аркылуу кошумча маалымат ала алышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2026-05-31
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















