super.kg logo
  Саясат  

Өлкөдө азырынча 70 миңге жакын салык төлөөчү декларация тапшырды

 
23-мартка карата бирдиктүү салык декларациясын тапшырган салык төлөөчүлөрдүн саны 69 миң 851 адамды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалым болгондой, анын ичинде 26 миң 219 юридикалык жак жана 43 миң 632 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ошондой эле айрым жеке жактар декларация тапшырышты. Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү декларацияны акыркы мөөнөткө калтырбай, алдын ала тапшырууга чакырат.
1-апрелге чейин салык декларациясын тапшырууга төмөнкүлөр милдеттүү:
  • Ата мекендик уюмдар (бюджеттен каржылануучу жана отчёттук салык мезгили үчүн мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенмелери болбогон уюмдардан тышкары);
  • Туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар;
  • Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
  • Судьяларды тандоо кеңешинин, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын, ошондой эле Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрү;
  • Мамлекеттик үлүшү бар мекеме, ишкана же уюмдардын жетекчилери жана алардын орун басарлары.
Ал эми 1-майга чейин төмөнкүлөр декларация тапшырууга тийиш:
  • Жеке ишкерлер (0 пайыз, 0,1 пайыз, 0,5 пайыз жана 1 пайыз бирдиктүү салык ставкалары боюнча патенттин негизинде өзгөчө режимдеги соода зонасында иш жүргүзгөндөрдү, ошондой эле юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан чарбаларын кошпогондо);
  • Эл аралык уюмдарда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук мекемелеринде иштеген Кыргыз Республикасынын жарандары;
  • Отчёттук мезгил үчүн киреше салыгы кармалбаган салык салынуучу киреше алган жеке жактар.
Башка жеке жактар, анын ичинде социалдык же мүлктүк жеңилдиктерди алууну каалагандар, декларацияны ыктыярдуу түрдө тапшыра алышат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: