super.kg logo

Эбру өнөрүнүн ата журтуна сапар: Бишкекте өзгөчө көргөзмө (видео)

 

Эбру өнөрү өзүнүн түпкү тамырлары жаткан жерге кайтып келүүдө.

Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин колдоосу менен, «Эбристан» коомдук фонду тарабынан уюштурулган эбру өнөрүнө арналган иш-чара 2026-жылдын 31-мартынан 3-апрелине чейин Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинде өтөт.

Кылымдар бою Борбор Азиядан Анатолияга чейин созулган маданий жолдун маанилүү бөлүгү болгон эбру өнөрү бул жолу кайрадан ата журту менен жолугууда. Түркияда өнүгүп, дүйнөлүк деңгээлде таанылган бул байыркы искусство Бишкекте өтө турган көргөзмө аркылуу кыргыз көрүүчүлөрүнө сунушталат.

Иш-чаранын ардактуу коногу — эбру өнөрүн дүйнөлүк деңгээлде тааныткан, ЮНЕСКОнун «Адамзаттын жандуу казынасы» наамынын ээси Хикмет Барутчугил. Ал өзүнүн уникалдуу ыкмалары жана заманбап чечмелөөлөрү аркылуу эбру өнөрүн дүйнөгө таанытып, аны универсалдуу искусство тилине айландырган.

Хикмет Барутчугилдин шакирти, кыргыз эбру сүрөтчүсү Мухлиса Имамова Кыргызстанда бул өнөрдүн өнүгүшүнө чоң салым кошуп келет. Ал негиздеген «Эбристан Бишкек Эбру Үйү» аркылуу бул искусствону жергиликтүү чөйрөгө жайылтып, өз эмгектеринде кыргыз маданиятына таандык символдорду эбру аркылуу жаңыча чечмелеп келүүдө.

Көргөзмөнүн алкагында сүрөтчүлөрдүн эмгектери менен катар жандуу эбру көрсөтүүлөрү да уюштурулат. Программада Түркия жана Кыргызстан желектери, ошондой эле Баткен облусунун символу болгон Айгүл гүлү эбру техникасы менен жандуу түрдө көрсөтүлөт. Келген коноктор бул өзгөчө өнөрдүн жаралуу процессине жакындан күбө болуп, аны өздөрү да сезип көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Бул иш-чара жалпы тарыхтын издерин бүгүнкү эстетика менен айкалыштырып, эки өлкө ортосундагы маданий жакындашуунун күчтүү үлгүсү болуп саналат.

Көргөзмөнүн ачылыш аземи 2026-жылдын 31-март күнү саат 15:00дө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейинде өтөт. Бардык көркөм өнөр сүйүүчүлөрдү бул иш-чарага чакырабыз.






Эбру өнөрүнүн ата журтуна сапар: Бишкекте өзгөчө көргөзмө 

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: