Аиша, Айчырай, Адинай... Ошто үч эм төрөгөн энеге 100 миң сом берилди (видео)
Бүгүн, 25-мартта Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев үч эм төрөгөн энеге 100 миң сом тапшырды. Бул тууралуу облустук жетекчиликтен билдиришти.Маалым болгондой, облус башчысы үч эмдин үйүнө барып, эне менен ымыркайлардын ден соолугун сурап, каражаттын сертификатын тапшырды.
Наристелерди 20-февралда Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында Өзгөн районунун Мырза-Арык айылынын тургуну Мавлюда Бердигулова жарык дүйнөгө алып келди. Аларга Аиша, Айчырай жана Адинай деген ысымдар ыйгарылды.
Эскерте кетсек, мындан эки күн мурун президент Садыр Жапаров Ошто төрт эм төрөлгөн үй-бүлөгө батир белек кылды.
Аиша, Айчырай, Адинай. Ошто үч эм төрөгөн энеге 100 миң сом тапшырылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2026-05-31
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















