super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандын Ирандагы элчилиги ишмердүүлүгүн убактылуу токтотту

 

Кыргызстандын Ирандагы элчилиги өз ишмердүүлүгүн убактылуу токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта ТИМ билдирди.

Министрлик Иран аймагында жүргөн Кыргыз жарандарын коопсуздук эрежелерин так сактап, эл көп топтолгон жерлерден жана кооптуу аймактардан алыс болууга чакырды. Мындан тышкары, өздүгүн тастыктаган документтерди жанында алып жүрүү жана расмий билдирүүлөрдү кылдат көзөмөлдөө зарылдыгын кошумчалады.

Ошол эле учурда ТИМ кыргызстандыктарга Иранга барбай турууну сунуштады.

Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда же консулдук-укуктук жардам алуу зарылдыгы болсо, дипломатиялык өкүлчүлүктөргө дароо кайрылуу керек.

ТИМдин Консулдук департаменти (күнү-түнү):

+996 999 312 002, E-mail: dks@mfa.gov.kg

Кошумча байланыш телефондору:

Кыргызстандын Азербайжандагы элчилиги:
+994 993 312 312, +994 12 505 56 74, +994 55 750 53 01

Кыргызстандын Армениядагы ардактуу консулу:
+374 91 919191

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги:
+90 312 491 35 06, +90 545 689 68 00

Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилиги:
+993 12 48 22 95, +993 12 48 22 96, +993 65 69 40 59

Кыргызстандын Ооганстандагы элчилиги:
+93 77 9099326, +93 77 9099326, +93 77 654 4504 (WhatsApp)






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: