Ала-Бука районунун акими алмашты. Жаңы аким ким?
Руслан Айтбаев Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун акими кызматынан бошотулду.
Президенттин администрациясы анын ордуна Темирболот Абыкеев дайындалганын кабарлады.
Эске салсак, Темирболот Абыкеев 2024-жылы Оштун Кара-Суу районунун акими болуп турганда кармалып, үй камагына чыгарылган. УКМК кийинчерээк анын кармалганы боюнча маалымат тараткан. Көп узабай Абыкеев Кара-Суу районунун акимдигинен алынган.
Деген менен былтыр мартта ал Баткен шаарына мэр болуп бекитилип, кайра ошол жылдын октябрында мэрликтен кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















