Быйыл Төө-Ашууда асфальт төшөө иштери жүргүзүлөт
2026-жылы Бишкек-Ош автожолунун Тɵɵ-Ашуу ашуусунун 130-146-чакырымдар аралыгындагы эски асфальт катмары сыйрылып, анын ордуна жаңы асфальт төшөлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.Маалыматка ылайык, ашуунун 80-139-чакырымдар тилкесинде коопсуздукту камсыздоочу парапеттерди алмаштыруу иштери да жүргүзүлүүдө. Жалпысынан 200 даана парапет орнотуу каралган, учурда анын 180 даанасы орнотулду.
Белгилей кетсек, аталган парапеттер Бишкек-Ош автожолу реконструкцияланган убактан тарта, дээрлик 20 жылдан бери алмаштырылган эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2026-05-31
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















