super.kg logo
  Саясат  

Элвира Сурабалдиева мугалимдердин айлыгын көтөрүүдө адилетсиздик болуп жатканын айтты

 

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева мугалимдердин эмгек акысын көтөрүү маселесинде предметтерге жараша айырмачылык болуп жатканын айтты.

Ал бүгүн, 1-апрелдеги парламенттин жыйынында гуманитардык предметтерден сабак берген мугалимдердин айлык акысы так илимдерден сабак бергендердикине караганда төмөн болуп жатканын белгиледи.

"Мугалимдер эмгек акыны эсептөөнүн коэффиценти адилетсиз болуп жатканын айтышууда. Мындай абал мектепте керексиз, керектүү жана кымбат, арзан деген түшүнүк алып келип жатат. Бирок окуучулар ЖРТда ал сабактар боюнча да тест тапшырышат. Мугалимдер жүктөмдүн жумалыгы 24 сааттан ашпашы керек дегенди да туура эмес деп эсептешүүдө",- деди эл өкүлү.

Эске салсак, 11-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рустамбек Советбек уулу 1-апрелден тарта мугалимдердин айлык акысы жогорулаганы менен бул тизмеге тарых сабагынын мугалимдери кошулбай калганын айткан.

Агартуу министрлиги буга жооп кылып, 1-апрелден тартып мугалимдердин эмгек акысы окуткан предметине карабастан 100 пайызга жогорулай турганын кабарлаган.






Элвира Сурабалдиева мугалимдердин айлыгын көтөрүүдө адилетсиздик болуп жатканын айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: