Улукбек Карыбек уулу: "Ылдыйкы зонага Бишкектин мэрин жөнөтүп тургула"
Бүгүн, 1-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу Бишкектин түндүк айланма жолунун ылдый тарабындагы конуштар тууралуу маселе көтөрдү.
Ал Нуркожо-Ата конушунда бир дагы коомдук транспорт каттабай турганын айтты. Эл өкүлү мындай маселе Ак-Жар конушунда дагы бар экенин, таза суу да бүгүнкү күндүн көйгөйү болуп жатканын билдирди.
"Эми ушул ылдыйкы зонага Бишкек шаарынын мэрин жөнөтүп турсаңыздар. Сөзсүз эле плакаттарды көтөрүп алып, анан президентке кайрылганда гана көңүл бурулабы? Акимди дагы жөнөтүп туруш керек",- деди Карыбек уулу.
Улукбек Карыбек уулу: "Ылдыйкы зонага Бишкек шаарынын мэрин жөнөтүп турсаңыздар"
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















