Депутат Европадагы кыргызстандык айдоочулардын көйгөйүн айтты (видео)
Жогорку Кеңештин депутаты Нуржамал Төрөбекова парламенттин 1-апрелдеги жыйынында Европа өлкөлөрүндө транспорт тармагында иштеген кыргызстандыктардын көйгөйүн көтөрдү.
Эл өкүлүнө мекендештер кайрылып, алар Кыргызстандан алган жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрү Европада таанылбай жатканын айтышкан.
"Аталган документтер Европа өлкөлөрүндө таанылбай, айрым учурларда жараксыз деп табылып жатыптыр. Натыйжада жарандар өз ишин улантууда кыйынчылыктарга туш болуп жатышат",- деп билдирди эл өкүлү.
Депутат президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Бектур Зулпиевге кайрылып, тиешелүү органдар менен аталган маселенин үстүндө иштөөнү өтүндү.
Вице-спикер Болот Ибрагимов аталган маселе боюнча тийиштүү каттар жиберилгенин белгиледи.
Депутат Европадагы кыргыз айдоочуларынын көйгөйүн айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















