Депутат парламентте сугат суу тарифи тууралуу маселе көтөрдү (видео)
Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев Айыл чарба министрлигин сугат суу тарифтери боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.
Эл өкүлү парламент жыйынында билдиргендей, Кара-Суу районунда ага дыйкандар жазгы-талаа жумуштарына байланыштуу бир топ маселелер менен кайрылышкан.
"Алардын ичинен эң көйгөйлүүсү - суу маселеси. Быйыл сугат сууга акы жаңы ыкма менен төлөнөт экен. Мурда 1 гектарга белгиленген сумма болсо, быйыл суунун көлөмүнө карата төлөнөт. Анын акысы бир топ жогору чыгат экен.
Ошондуктан Айыл чарба министрлиги, мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү дыйкандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсө",- деди депутат.
Ал кошумчалагандай, учурда дыйкандар сугат суу тарифтери, анын өлчөө механизмдерине тынчсызданып жатышат.
Депутат сугат суу тарифи тууралуу маселе көтөрдү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















