super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз макалындай... Дастан Бекешев бак-дарактарды коргоо боюнча мыйзам жазып чыкты

 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев калктуу конуштардагы парктардын, гүлзарлардын, сейил бактардын аянттарынын кыскарышына алып келүүчү иштерге тыюу салууну көздөгөн мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Документ парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду.

Анда курулуш үчүн 1 бак кыйылса, анын ордуна 10 көчөт отургузуу талабы каралган. Көчөттөрдү отургузган тарап алардын өсүшүн 3 жыл көзөмөлгө алууга тийиш. Ошондой эле жеңил объекттерди курууда бак-дарактарга зыян келтирилбеши керек. Дарактын тамырына келтирилген зыян үчүн да жоопкер тарап көчөт отургузууга милдеттүү болот.

Долбоор ар бир даракты милдеттүү түрдө санариптик каттоого киргизүүнү демилгелейт. Дарактарды кыюуга өзгөчө учурларда гана изилдөөлөрдүн негизинде уруксат берилет.

Документте талаптарды бузгандарга айып пул салуу каралган. Ага ылайык, жеке жактар 3000 сом, ал эми юридикалык жактар 13 миң сом айыпка жыгылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: