Бишкекте Lexus унаасы токтотулуп, айдоочу жол эрежелерин бузганы аныкталды
Бишкек шаарынын МККБнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейд учурунда Lexus үлгүсүндөгү унаа токтотулду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, айдоочу бир катар мыйзам бузууларга жол берген: ал алдыңкы айнекти караңгылатып (тонировка), ошондой эле атайын кызматтарга тиешелүү жарык сигналдарын мыйзамсыз орноткон.
Жыйынтыгында унаа айып короого токтотулуп, айдоочуга карата укук бузуулар боюнча протоколдор түзүлдү.
МККБ айдоочулардан жол кыймылынын эрежелерин сактоону эскертет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2026-05-31
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















