super.kg logo

BAKAI автоунаага чыгымдардын 5%ын кайтарат: апрелде автосервис жана тетиктерге кэшбек

 

BAKAI Visa жана Элкарт+ карталарынын колдонуучулары үчүн жогорулатылган 5% кэшбек менен апрель айындагы акцияны баштайт.

2026-жылдын 1-апрелинен 30-апрелге чейин банктын кардарлары автоунааны тейлөөдөн тартып тетиктерди сатып алууларга чейинки чыгымдарды төлөөдө кошумча пайда көрүшөт. Бул автомашинага кам көрүүгө кеткен каражатты байкаларлык үнөмдөйт.

Апрель айында BAKAI'дын Visa жана Элкарт+ карталарынын колдонуучулары төмөнкү категорияларга төлөм жүргүзүүдө 5% кешбэкке ээ болушат:

  • автотетиктер жана аксессуарлар;
  • автодүкөндөр;
  • автодөңгөлөктөр;
  • унааны сырдоо;
  • унааны жууганга;
  • жалпы багыттагы ТТСга;
  • автомобилдик транспорттор үчүн техникалык тейлөө станцияларында.

Кешбэк төлөм жүргүзүлгөн соң айдын аягында эч кандай каттоосуз, промокодсуз жана кошумча шарттарсыз дароо которулат.

Автоунаа туруктуу каражат сарптоону талап кылат, ошондуктан BAKAI бул чыгымдарды пайдага айландырууну ишке ашырат. Эми техникалык тейлөө станцияларына баруу, тетиктерди сатып алуу же унааны тейлөө, оңдоо үчүн чыгымдардын бир бөлүгү кайтарылат.

Аталган акция автоунааларды мыкты абалда алып жүрүүгө шарт түзгөндөн тышкары, ар бир төлөмдү пайдалуу кылуу менен көнүп калган чыгымдарды азайтууга мүмкүнчүлүк берет. Кененирээк маалымат BAKAI мобилдик тиркемесинде жана bakai.kg. сайтында жеткиликтүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: