super.kg logo

Ысык-Көл үч айда 14 миң метрге жакын синтетикалык тордон тазаланды (видео)

 
Ысык-Көл облусунда үч айдын ичинде көлдүн акваториясынан 13 миң 900 метрди түзгөн мыйзамсыз синтетикалык торлор алынды. Бул тууралуу 6-апрелде облустун милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз балык уулоо учурунда кармалган жарандардан кошумча 3 миң метр тор конфискацияланып, 300 даана балык Экологиялык-техникалык көзөмөл кызматына өткөрүлүп берилди. Ал эми алдын алуу иштеринин натыйжасында жарандар өз ыктыяры менен 31 даана кытай синтетикалык торун тапшырышкан. Ошондой эле экологиялык багыттагы кылмыштар жана укук бузуулар боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 34 материал катталган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелеринин негизинде 4 жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Жалпысынан 16 кылмыш иши боюнча тергөө амалдары аяктап, сот органдарына жөнөтүлгөн. Буга кошумча экологиялык кылмыштар боюнча жалпы суммасы 572 миң 86 сом өлчөмүндө өндүрүү боюнча доолор коюлган.
Мындан тышкары, туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери мыйзамдуу балык уулоочулардын уруксат берүүчү документтерин текшерип, калк арасында түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин активдүү жүргүзүүдө.





Ысык-Көл үч айда 14 миң метрге жакын синтетикалык тордон тазаланды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: