Бишкекте акциздик маркасы жок мотор майлары аныкталды
Бишкекте Ленин районунун Новопавловка айылында акциздик маркасы жок мотор майларын мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу 6-апрелде Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, белгиленген тартипте маркаланбаган ар кандай идиштердеги 294 даана мотор майы аныкталган. Документсиз продукциянын жалпы көлөмү 10 824 литр болуп, жалпы суммасы болжол менен 3 миллион сомду түзгөн.
Учурда бул факт боюнча тиешелүү процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2026-05-31
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















