super.kg logo

"Кыялдарым, тилектерим кабыл болсун". Ырчы Назира Токонова 38 жашка толду 

 

Бүгүн, 7-апрелде туулган күн тоскондордун катарында ырчы Назира Токонова дагы бар. Ал бул жылы 38 жашка толду. Ырчы айым өздүк майрамына карата социалдык тармактагы баракчасына пост жазып, жакындарына ыраазычылык билдирип өткөн.

"Кош келдиң жаңы жашым. Өзүмө, албетте, бардык жакшылыкты каалайм. Кыялдарым, тилектерим кабыл болсун. Алдын ала айтылган каалоо-тилектерге ыраазычылык билдирем",- деп билдирүү калтырган ырчы айым.

Назира Токонова 1988-жылы 7-апрелде Сокулук районунда төрөлгөн. Ырчы айымдын ата-энеси анын чыгармачылыкка аралашуусуна каршы болушкан. Ага карабастан ал Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваторияга тапшырып, даярдоо курсунда 2 жыл, эл аспаптар факультетинде 5 жыл окуган. Ырчы айымдын чыгармачылык жолу 2007-жылы башталган.

2013-жылдан тарта Сокулук райондук Маданият үйүнүн солисти катары иштеп, билим берүү борборунда студенттерге вокалдан сабак берген.

Ырчы айым 2017-жылы сүйүктүүсү Улан мырзага турмушка чыгып, 2018-жылы 13-июнда Ариет аттуу уулдуу болушкан. Учурда жубайлар бир уул, бир кыздын ата-энеси.

Назира Токонованын репертуарында "Сага", "Сагыныч", "Сүйбө мени", "Суранам" аталышындагы ырлары бар. Андан сырткары, ал рэп аткаруучу Добр менен "Жашоо бир келет", Чыңгыз Турдубеков менен "Мезгил учат", Аксай Мукамбет уулу менен "Сүйүп кыйналдым" аттуу чыгармаларды дуэт аткарган.

7-апрелге карата жылнаама.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: