Өлкөдө балык уулоого убактылуу тыюу салынды
Республика боюнча балыктардын урук чачуу мезгилинде спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого убактылуу тыюу салынды.Суу ресурстары, айыл чарба министрлигинин 7-апрелде берген маалыматына ылайык, Ысык-Көлдө:
- Ысык-Көл чабагына – 2026-жылы 1-апрелден 15-майга чейин (электрондук балык уулоо билети убактылуу токтотулат);
- Майда балыктарга – 2026-жылдын 1-майынан 1-июлуна чейин;
- Каңылтыр балыгына – 2026-жылдын 15-майынан 15-июлуна чейин.
Ал эми республиканын суу объекттеринде:
- Ири бөлүкчө балыктарга – 2026-жылдын 5-майынан 20-июнуна чейин;
- Майда бөлүкчө балыктарга – 2026-жылы 15-апрелден 5-июнга чейин;
- Дарыя маринкасына – 2026-жылы 15-майдан 1-июлга чейин.
Ошондой эле дарыялардагы баалуу балыктарга:
- Османга – 2026-жылдын 1-июнунан 15-июлуна чейин;
- Амударыя форелине – 2026-жылдын 15-октябрынан 15-декабрына чейин;
- Ысык-Көл форелине – 2026-жылы 1-октябрдан 15-декабрга чейин тыюу салынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2026-05-31
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















