super.kg logo

Касымалиев Стэнфорд университетине өткөн Амиртай Бексултановго белек берди 

 

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев АКШдагы Стэнфорд университетине толук гранттык негизде окууга өткөн Амиртай Бексултанов менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда өкмөт башчы Бексултановду дүйнөдөгү эң абройлуу университеттердин бирине ийгиликтүү тапшыргандыгы менен куттуктап, белек тапшырган.

"Бул Амиртайдын ата-энеси үчүн гана эмес, өлкө үчүн да сыймык. Мындай мисалдар окуучуларыбызды билимге умтулууга жана максаттарына жетүүгө шыктандырат деп эсептейм",- деген Касымалиев.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы жаштардын интеллектуалдык потенциалын колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: