Брюссель соту кыргызстандык банкка коюлган айыптоолорду негизсиз деп тапты
Брюссель соту "Бакай Банкка" күмөндүү операцияларга тиешеси бар деп коюлган айыптоолорду негизсиз деп тапты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Ал "Ачык диалог фонду" (Open Dialogue Foundation, ODF) поляк-бельгиялык өкмөттүк эмес уюму өз сайтына макалаларды жарыялап, кыргызстандык банкты Орусиянын пайдасына санкция чараларын айланып өтүү схемаларына катышкан деп шек санап, ага карата санкция киргизүүнү сунуштаганын белгиледи.
"Бакай Банк" жалган айыптоолору үчүн ODF уюмун сотко берип, сот банктын пайдасына чечим чыгарды. Брюсселдин француз тилдүү ишкердик соту "Ачык диалог фонду" жетиштүү конкреттүү далилдерди келтирбестен олуттуу жана максаттуу айыптоолорду койгон деген тыянакка келген. Сот уюмду талаштуу макалаларды өчүрүүгө, соттун чечиминин толук текстин өзүнүн сайтынын башкы бетине жайгаштырууга жана сот чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттендирди",- деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2026-05-31
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















