Ноокенде алгачкы кулпунайлар бышты
Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы жергиликтүү дыйкандын кулпунайы бышып, сатыкка чыкты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.Маалыматка ылайык, аталган тургун өткөн жылы 1,40 гектар жерге 74 миң даана клери сортундагы кулпунай тиккен. Ал сууну үнөмдөө максатында тамчылатып сугаруу системин колдонгон.
"Ишкер кулпунай терүүгө айылдаштарын тартып, жергиликтүү тургундарды дагы жумуш менен камсыз кылууда. Учурда Ноокен аймагында жазгы талаа иштери кызуу жүрүүдө",- деп билдирди министрлик.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2026-05-31
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















