Мандатын тапшырган депутаттын ордуна ким келиши ыктымал?
БШК Жогорку Кеңештин депутаты Абдылдабек Эгембердиевди мандатынан ажыратты. Ал №19 округдан депутат болуп шайланган.
Аталган округда андан кийинки орунда Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Рамис Жунусалиев турат. Жунусалиев былтыр декабрь айында алдамчылыкка шек саналып кармалган. Бирок бүгүнкү күндө анын иши эмне болгону белгисиз.
Демек, бошогон депутаттык орунга Улан Сариев келип калышы да ыктымал. Сариев 2021-жылдан 2023-жылга чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп иштеген. 2023-жылы Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. Бирок шайлоо учурунда добуш сатып алууга шектелип, БШК анын каттоосун жокко чыгарган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















