Депутат УКМК Көлбаевге мүлкүн тарттырган ишкерге акыйкатсыздык кылганын айтты
Бүгүн, 8-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева убагында маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин адамдарына Ысык-Көлдөгү пансионатын тарттырып жиберген ишкер УКМКга кайрылса, атайын кызматтын өкүлдөрү кайра анын мүлкүн алып койгонун айтты.
"Мен "азыр мүлк мамлекетке өттүбү?" десем, "жок" деди. Ушундай учурлар текшерилип жатабы?" деген суроо берди Сурабалдиева башкы прокурорго.
Башкы прокурор Максат Асаналиев бул факт боюнча маалыматы жок экенин айтып, эл өкүлүнө ал ишти текшерүүнү убадалады.
Элвира Сурабалдиева Көлбаевге мүлкүн тарттырткан ишкер УКМКдан да акыйкатсыздык көргөнүн айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















