Бишкекте туура эмес токтотулган унааларга каршы рейд өттү
Бүгүн, 8-апрелде Бишкек шаарында туура эмес токтотулган унааларды аныктоо боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага мэриянын райондук өкүлдөрү, Транспорт департаменти, жол кайгуул кызматкерлери, Муниципалдык инспекция жана эвакуатор кызматтары катышты.
Рейддин жыйынтыгында:
• 30дан ашык унаа эвакуацияланып, айып короого жеткирилди
• 10го жакын айдоочуга протокол түзүлдү
• Жашыл аймакка токтоткон 2 жаранга 5500 сомдон айып салынды
Мэрия мындай рейддер мындан ары да туруктуу өтөрүн билдирди. Шаар тургундарына унааларын аялдамаларда, жол жээгинде жана жашыл аймактарда калтырбоо эскертилди.
Айып пулдар:
• Туура эмес токтотуу — 1000 сом
• Жеринде протокол — 300 сом
• Эвакуатор кызматы — 1600 сом
• Жашыл аймак — 5500 сом
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2026-05-31
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















