super.kg logo

Жылнаама: Мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиев төрөлгөн

 

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиев азыркы Баткен облусунун Кадамжай районуна, мурдагы Ош облусунун Фрунзе районуна караштуу Алыш кыштагында 1933-жылы туулган. Абсамат Масалиев 1953-жылы Кызыл-Кыя тоо-кен техникумун, үч жылдан соң – Москвадагы Тоо-кен институтун, кийин эки жылдык жогорку партиялык мектепти бутүргөн.

Тоо-кен инженери болуп иштеп, кийинчерээк коммунисттик партиянын жооптуу кызматына өткөн. "Кыргызкөмүр" трестинин участогунда начальниктин жардамчысы, шахтанын башкы инженеринин орун басары, тресттин башкы инженеринин жардамчысы, партиянын Ош обкомун өнөр жай жана транспорт бөлүмүнүн инструктору, башчысы, Кыргызстан КП БКнын өнөр жай жана транспорт бөлүм башчысынын орун басары, партиянын Таш-Көмүр шааркомунун 1-катчысы, партиянын БКинин өнөр жай жана транспорт бөлүм башчысы, катчысы, Фрунзе шааркомунун төрагасы, партиянын Ысык-Көл обкомунун 1-катчысы, КПСС БКнын инспектору, Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы, ошол эле учурда Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Госгортехнадзорунун директору болуп иштеген. Абсамат Масалиев 1995-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болгон.

1985-жылдан тартып Кыргызстан Компартиясын жетектеген Абсамат Масалиев 1930-жылдарда жазыксыз куугунтукталып, жөн жерден атылып кеткен көптөгөн мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин кайра акталышы үчүн чоң салым кошкон.
Абсамат Масалиев СССР Жогорку Советинин үч, Кыргыз ССР Жогорку Советинин беш жолку чакырылыштарынын депутаты. Октябрь революциясы, 2 Эмгек Кызыл-Туу, "Манас II" ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстан коммунисттер партиясынын жетекчиси Абсамат Масалиев 2004-жылдын 31-июлунда жүрөк оорусунан улам 71 жашында дүйнөдөн кайткан.

10-апрелдин жылнаамасы.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: