Президент Оштогу "Тез жардам" борборунун имаратын өз фондунан оңдоп бермей болду (видео)
Өлкө башчысы Садыр Жапаров Ош шаарындагы "Тез жардам" борборунун имаратын өз фондунан оңдоп берүүнү убадалады. Бул тууралуу президент эл менен болгон жолугушууда билдирди.
"Тез жардамдын" башчысы имарат 1932-жылы курулуп, бир кабат болуп салынганын айтты. Имарат ӨКМ тарабынан авриялык абалда деп табылгандыктан, бийликтегилерге бир нече ирет кат жазылып, бирок мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлбөгөнү кошумчаланды.
Жапаров маселени жеринен чечип, бюджеттте каралбагандыктан демөөрчүлүк фондунан каражат берерин билдирди.
Президент Оштогу "Тез жардам" борборунун имаратын өз фондунан оңдоп бермей болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















