super.kg logo
  Саясат  

Аскер прокуратурасы УКМКнын бир нече кызматкерин кармаганы айтылууда

 

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы төрагасынын орун басары Бекзат Абдикахаров жана УКМКнын бир катар кызматкерлери кармалышты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдиришүүдө.

Кечээ, 13-апрелде Аскер прокуратурасынын кызматкерлери Абдикахаровду, УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын мурдагы орун басарын жана УКМКнын бир нече бөлүм башчыларын кармашкан. Алардын арасында кибералдамчылыкка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы жана антикоррупциялык бөлүмдүн мурдагы жетекчиси да бар.

Эске салсак, 13-апрелде УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары – Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору болуп иштеген Даниэль Рысалиев кармалганы белгилүү болгон. Ал "Коррупция" беренеси боюнча шектелүүдө. Ушул эле иш боюнча Ысык-Көл облусунун 6-башкармалыгынын мурдагы башчысы жана УКМКнын борбордук аппаратындагы иштеп жаткан кызматкер да кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: