super.kg logo
  Саясат  

Чыңгыз Айдарбековго өлкөдөн чыгууга тыюу салынды 

 

Мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековго кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча айыбы угузулду. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ал тышкы иштер министри болуп иштеп турган мезгилде каражаттарды мыйзамсыз чыгымдоо, айрым чыгымдардын көлөмүн жогорулатуу, материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын тийиштүү документтерсиз же жасалма документтерди колдонуу менен эсептен чыгаруу, ошондой эле аларды өзүнө ыйгарып алуу фактылары, анын ичинде аффилирленген түзүмдөр аркылуу ыйгарып алуу фактылары орун алган.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгү (Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.
Айдарбековго айыбы угузулуп, өлкөдөн чыкпоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынган.
Учурда кылмыш ишинин бардык жагдайларын ар тараптуу, толук жана объективдүү аныктоого, ошондой эле кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: