super.kg logo
  Саясат  

Бишкектин мэри "Манас" университетинин жанындагы көчө боюнча билдирүү жасады 

 

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жанындагы көчө боюнча талкууларга жооп берип, шаардыктарга кайрылуу жасады.

Мэр башында нааразычылыктар менен коштолгон ЖЭБдин азыркы абалын мисал кылып, шаардагы башка окуу жайлардын тосмолору алынгандан кийинки көрүнүштөргө токтолду. Ошондой эле "Манас" университети өзгөчөлөнүп каралбай турганын белгиледи.

"Мэрия ЖЭБди өз карамагына өткөргөндө, элдин баары кыйкырып чыкты эле "жардырат, колунан келбейт, алы келбейт" деп. Азыр сонун эле иштеп жатабыз. Эч кандай Лондон же Европа эмес, бирок иретке келтирип жатабыз. "Манас" университети да өзгөчө эмес. Улуттук унуверситет, БГУ, Политехти карагыла, баарынын тосмолорун алып койдук. Бир да студент чыгып, нааразычылыгын билдирген эмес. Көчө таптагандардын жайы болот деген сөздөр болгон. Бүгүн барып ошол университеттерди кыдырып көргүлөчү",- деди мэр.

Калаа башчысы "Манас" университетин аралап өтүүчү Миңжылкыев көчөсү боюнча теманы жабыш керектигин билдирип, жол ачыла турганын так кесе айтты. Ошондой эле айрым студенттердин жүрүм-турумуна сын айтып, социалдык тармактарда адепсиз сөздөрдү колдонуу - бул окуу жайдан алган тарбияны көрсөтө турганын билдирди.

Эскерте кетсек, аталган окуу жайдын Жалдагы кампусун аралап өткөн жол унаа кыймылы үчүн ачыла турганын мэриядан билдиришкен. Бул демилге студенттер арасында нааразычылыкты жаратып келүүдө. Алар жашыл аймак бузулуп, айлана-чөйрөгө зыян келтирилип, студенттер үчүн кооптуулук жарала тургандыгын белгилешүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: