super.kg logo
  Саясат  

Мурдагы чекист, экс-министр суракка алынганы айтылууда

 

Мурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Ички иштер министрлигинде сурак бергенин айрым жергиликтүү басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, ал күбө катары суралган. Учурда иштин башка жагдайлары ачык айтыла элек.

Айта кетсек, Досмамбетов министр кызматынан 24-февралда алынган. Ал кызматтан алынардын алдында интернетке тараган Бакыт Төрөбаев менен инисинин сүйлөшүүсүндө Досмамбетовдун аты аталган.

Досмамбетов министр болгонго чейин УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгын жетектеген. Ал коомчулукка июль айында Жалал-Абаддын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрүп, анда бир нече адамды карматканы менен таанылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: