super.kg logo

Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы африкалык бийчи балдарга калпак белек кылды 

 

Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы Руандадагы Moriox Kids тобунун балдарына жана алардын жетекчилерине улуттук белектерди тартуулады. Бул тууралуу ырчы айым өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында бөлүшүп, атайын видео жарыялаган.

Анда ал кыргыз элинин символу болгон ак калпактарды жана жоолуктарды белек кылганын көрсөтөт. Ырчы айымдын айтымында, белектерди алган балдар абдан кубанып, өзгөчө таасир алышкан.

“Достор, калпактардын жарашканын карасаңыздар. Белектерибизди ыйгардык, аябай кубанып калышты”, — деп жазган ал.

Учурда Гүлназ Чыныбек кызы Руандада жүрүп, африкалык бийчи балдар менен жолугушууларды өткөрүп жатат. Бул жолугушуулар маданий байланыштарды чыңдоого багытталган.

Эске салсак, буга чейин Moriox Kids тобунун балдары ырчынын аткаруусундагы “Аттиң ай” ырына жана башка кыргыз чыгармаларына бийлеп, видеолорду тартып чыгышкан. Бул видеолор социалдык тармактарда кеңири тарап, көпчүлүктүн кызыгуусун жараткан.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: